super.kg logo

Нарындагы төрөт үйү 10 миллион сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

 

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, капиталдык оңдоо иштерине "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан 10 миллион сом бөлүнөт. Мындай чечим кечээ, 8-августта фонддун байкоочу кеңешинин отурумунда кабыл алынды.

Ага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, "Кумтөр Голд Компани" ААК башкармалыгынын башчысы Тыныбек Жусубалиев баштаган байкоочу кеңештин мүчөлөрү отурумдан кийин ремонт жасала турган имаратты жеринде көрүштү. Учурда имараттын терезе-эшиктерин, таза суу, канализация системасын толугу менен алмаштыруу жана косметикалык ремонт иштерин жүргүзүү зарылчылыгы турат. Жакын арада оңдоп-түзөө иштери башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 миллион 987 миң сомго аталган имараттын чатыры алмаштырылган.

Мындан тышкары облустук оорукананын Жандандыруу бөлүмүнө аталган фонддон 3 миллион 373 миң сом бөлүнүп, капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Жандандыруу бөлүмүндө жүргүзүлгөн ремонт иштеринин сапатына жакшы баа беришти. Ал эми Төрөт бөлүмүнүн чатырындагы жумуштарда айрым кемчиликтерди белгилеп, калыбына келтирүү сунушун билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: