super.kg logo

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суранбай Алиев 103 жашында каза болду

 

Кечээ, 8-августта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суранбай Алиев 103 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Алиев Суранбай 1920-жылдын 10-майында Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу селолук советинде жарык дүйнөгө келген. Мектеп жашына жеткенде Жошолу айылындагы башталгыч мектепте билим алган.
Колхоздоштуруу мезгилинде өспүрүм кезинен баштап, жыйырма жашка чейин колхоз жумушуна иштеген.
1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Согуш мезгилинде Советтер Союзунун Саратов, Волгоград, Калининград, Ростов-на-Дону шаарларын коргоого жана бошотууга катышкан.
1944-жылдын декабрь айында немецтик фашисттер менен болгон катуу кармашта оң колунан оор жаракат алып, госпиталга жаткырылып, андан кийин мекенине кайтып келген. Кандуу согуштан кайтып келип, туулган айылындагы колхоздо кампачы, бир нече жылдар бою чабан, жылкычы болуп эмгектенип, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр совхозунда малды бордоп семиртүү комплексинде эмгектенген. Мал чарбасын өнүктүрүүгө зор салым кошуп, 1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Немецтик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган. 9-Май улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатта эки ирет Кыргызстандын президентинин, 2019-жылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин атайын сыйлыктары менен сыйланып, Москва шаарына сыйлуу конок катары чакырылган.
Өмүрлүк жары Мырзаева Мария менен 4 уул, 4 кыздын ата-энеси болуп, 80ге жакын небере-чеберенин бактылуу чоң атасы болгон.
Ардагердин ысымы Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылынын №5 көчөсүнө берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: