super.kg logo

Токмокто психо-неврологиялык интернаттын бейтаптары жер казууга тартылганы айтылды (сүрөт)

 

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Токмоктогу №1 психо-неврологиялык интернатта директор бейтаптарды жер казууга мажбурлаганы боюнча видео тараган. Кечээ, 8-августта Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү аталган мекемеге барып, текшерүү жүргүзүштү.

Маалымдалгандай, текшерүүнүн жүрүшүндө психо-неврологиялык интернаттагы камкордукка алынган 5 адам аң казууга катышкандыгы, курулуш иштери башталгандан бери 13 бейтап тартылганы аныкталган.

"Мекеменин администрациясы тарабынан бул факты эмгек терапиясы катары жазылган.

Мыйзамга ылайык, кызмат көрсөтүүчүлөрдү эмгек терапиясына тартуу өндүрүштүк цехтерде, ар кандай профилдеги ийримдерде жана көмөкчү чарбаларда 4 сааттан ашпаган мөөнөткө дарыгердин уруксаты менен гана мүмкүн болот. Ал эми чуңкур казуу, оор физикалык эмгектин катарына кирет.

Психо-неврологиялык интернаттагы жарандарды мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат. Материалдар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилет", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: