super.kg logo

Өлкөдө 6 айда ооруканаларда жарым миллиондон ашык адам дарыланды

 

Ушул жылдын январь-июнь айларында республиканын саламаттык сактоо уюмдарында 557 миң 824 дарыланган учур катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, анын ичинен 544 миң 62 бейтап жалпы стационардык дарылануудан өткөн. Онкологиялык жана психиатриялык ооруканалар сыяктуу адистештирилген медициналык мекемелерде өлкөнүн 10 миң 904 жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле 2 миң 858 бейтап кургак учукка каршы ооруканаларда дарыланды.

Социалдык категориялар боюнча ооруканага жаткырылгандардын эң көп саны:

- 18 жашка чейинки балдар - 31,8 пайыз;
- камсыздандырылбаган адамдар - 22,6 пайыз;
- пенсионерлер-15,0 пайыз;
- иштеген жарандар-7,4 пайыз;
- фермерлер жана жеке ишкерлер - 6,8 пайыз;
- социалдык жөлөкпул алган адамдар - 5,7 пайыз жана башкалар - 1,1 пайыз.

ММК фонду ооруканага жаткырылган бейтаптарга медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында дары-дармектер, медициналык багыттагы буюмдар жана башка чыгымдар менен камсыздоо үчүн 6,3 миллиард сомду каржылады.

Белгилей кетсек, ооруканага жаткырылганда бейтаптар камсыздандыруу статусуна ылайык, жеңилдиктердин болушуна жараша акысыз дарыланышат, же орто деңгээлдеги кошумча төлөм төлөшөт, же максималдуу сумманы төлөшөт.

"Ооруканага жаткырууга кызыккан бардык маселелер боюнча ММК Фондунун 113 ишеним телефону менен байланышса болот. Ал эми адистер дем алыш күндөрдөн тышкары саат 9:00 дөн 18:00 гө чейин иштейт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: