super.kg logo

Өлкөдө дан эгиндерин экспорттоого убактылуу чектөө киргизилет

 

Айыл чарба министрлиги Министрлер кабинетинин "Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн сыртка ташууга убактылуу тыюу салуу тууралуу" токтомунун долбоорун даярдады. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, долбоордо ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерге жол бербөө максатында ушул жылдын аягына чейин айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого чектөө киргизүү каралган.

"Кардын аз жаап, жаздын кеч келиши аба ырайынын өтө ысык болушу жана жаан-чачындын аз жаашы жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин үзгүлтүккө учуратты. Ошондой эле тоюттун түшүмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө таасирин тийгизди. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алынган ыкчам маалыматтарды талдоодо былтыркыга салыштырмалуу тоют аз болуп, айыл чарба өндүрүшүнө, мындай абал малга кышкы тоютту даярдоого терс таасирин тийгизет. Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салуу ички азык-түлүк базарындагы абалды кайсы бир деңгээлде турукташтырат", - деп айтылат маалыматта.

Убактылуу тыюу салууга сунушталган айыл чарба продукцияларынын тизмеси:

- тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту);

- арпа;

- буудай;

- күрүч;

- сулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: