Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды











Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай ишканаларына кыдырды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Акылбек Жапаров алгач Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Джунда” заводуна барган. Анда “Чайна Петроль Компани” ЖЧКсынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүлүп, 2019-жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси талкууланды.
"Андан соң Жапаров 90дон ашуун адамды жумуш менен камсыз кылган “Дан” мамлекеттик ун ишканасында болду.
2023-жылдын башынан бери ун ишканасы Мамлекеттик материалдык резервдер фондун буудай менен камсыздап келет, бүгүнкү күндө ишкананын кампаларында 1000 тоннадан ашуун ун бар.
Бул багытта Минкаб төрагасы мамлекеттик өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттерине токтолуп, аларды модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, төрага “Декна Бишкек Текстиль” текстиль чыгаруучу ишканасына барып, өндүрүш процесси менен таанышты жана ишкананын иштеп жаткан кампаларын көрүп чыкты.
Ишканада өндүрүштү кеңейтүүгө даярдыктар жүрүп жатканы айтылды жана бул планды ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүү тапшырмасы берилди.
Акылбек Жапаров иш сапарынын соңунда “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына барды.
Ал белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу электр лампа заводунун мисалында, бардык мамлекеттик ишканалар жана завод-фабрикалар жабдууларын эл аралык стандартка жооп бере тургандай кылып жаңыртуу зарыл, алар технологиянын өнүгүү доорунда дайыма жаңыланып туруу зарыл.
Борбор калаага бараткан жолдо Жапаров “Строй Сервис плюс” курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен дагы таанышып, бул заводдун борбордун түштүк бөлүгүнө куруп жаткан “Жаштар кварталы” деп аталган объектисинде болду", - деп жазылат маалыматта.


