Маалымдалгандай, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгында Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана округдун участкалык шайлоо комиссияларына Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, уюштуруу маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү.

Ага ылайык, райондук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ар бир шайлоо участкасында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана башка маселелер талкууланды.

"Штабдын жыйынтыгы менен шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, ошондой эле шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек Ленин районунун бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайрадан шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт.