super.kg logo

"Жакында ири каражат бөлүнөт". Чүй облусунун аймагына чакан суу сактагычтар курулат

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Айыл чарба министри жана тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда Чүй облусундагы сугат суу маселесин чечүүгө байланышкан жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, отурумда Чүй облусунун аймагына суу кампаларды куруу маселеси каралды. Атап айтканда, суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) кыска убакыттын ичинде куруу.

Ага ылайык, Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат. Бул багытта министрлер кабинети жакын арада ири каражат бөлөөрү күтүлүүдө.

"Ал эми адистердин белгилөөсүндө маселен сегиз райондон турган Чүй облусунда кайрак жана сугат жеринин жалпы аянты 417,0 миң гектарды түзөт. Анын ичинен сугат жери деп эсептелген 323,3 миң гектардын 30 пайызына агын сууну жеткирүүдө маселе жаралууда.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров дыйкандарды толук кандуу сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригация маселелерин чечүүгө байланышкан тиешелүү тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: