Эми кыргызстандыктар пляждарга эркин кире алышат. Садыр Жапаров жарлыкка кол койду
Эми өлкөдөгү бардык жарандар Ысык-Көлдүн пляждык аймактарына эркин кире алышат. Мындай жарлыкка бүгүн, 9-августта президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров 2022-жылдын 13-майында кабыл алынган жарлыкка (Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын бардык жарандары Ысык-Көлдөгү пляждык аймактарга эркин кирип-чыгуу укугуна ээ болот.
Буга чейин аталган жарлыктын негизинде Ысык-Көлдөгү жеке менчик пансионаттардын көл жээгиндеги темир тосмолору алынып, жергиликтүүлөрдүн пляжга эркин кирип-чыгуусуна шарт түзүлгөн. Көп өтпөй айрым пансионаттардын кароолчулары президенттин жарлыгы жергиликтүүлөр үчүн гана экендигин айтышып, башка облустардан келген эс алуучуларды пляжга киргизбей жаткан видео интернетте тараган. Бул көрүнүш соц.тармак колдонуучулары арасында бир топ нааразычылыктарды пайда кылган.


