super.kg logo

Чолпон-Атада "Мейкин Азия" III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт

 

18-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын "Мейкин Азия" III эл аралык Ысык-Көл фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багыт алып, келечекте популярдуу музыка аткаруучулардын башын бириктирген ири аянтчага айланат.

Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары, ошондой эле Казакстан, Түркия, Орусия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген эстрада жылдыздары көгүлтүр көл жээгинде улуттук жана дүйнөлүк хит ырларды тартуулайт.

Эл аралык Ысык-Көл фестивалынын максаты маданияттардын диалогу аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо, таланттуу жаш аткаруучуларды табуу жана колдоо, Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: