Баткенде сууга түшүп кеткен 1 жаштагы наристенин сөөгү табылды
Баткендин Кадамжай районунда сууга түшүп кеткен наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүн Кадамжай районунун Полот-Хан айыл өкмөтүнүн Абсамат айылында А.Масалиев атындагы орто мептептин жанындагы сайдагы сууга 2022-жылы туулган Б.Я. аттуу кичинекей кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Ага ылайык, издөө иштерин жүргүзүүгө Кадамжай райондук №76 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4 , ӨКМнын Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 4, жалпы 8 куткаруучу тартылды.
Куткаруучулар тарабынан наристенин сөөгү табылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.