Ысык-Көлдүн сел жүргөн аймактарын тазалоо иштери уланууда












Ысык-Көлдүн сел жүргөн аймактарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана Жарандык коргонуу кызматкерлери сел жүргөн айылдардагы үйлөрдүн айланасын тазалоону улантып жатышат.
Учурда 22 бирдик техника, анын ичинен 15 инженердик техникасы жана 2 мотопомпа министрликтен тартылган. Жалпысынан 322 адам иш алып барып жатканы айтылат.
"Бүгүнкү күнгө карата 57 турак үйдүн, 1 мектеп жана 1 бала бакчанын короо-жайлары, жер төлөлөр тазаланды. ӨКМнын, министрликтин божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери Каркыра айыл аймагынын кооптуу тилкелеринде изилдөө иштерин улантууда", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түп районундагы сел каптаган айылдардын жашоочуларын жеринде көрүп, элеттиктердин көйгөйлөрүн угуп, сел жүргөн аймактардагы иштин аткарылышын көзөмөлүнө алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:19
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.