super.kg logo

Министрлик Соң-Көл жайлоосундагы мал шарп ылаңы менен ооруганын төгүндөдү

 

Айыл чарба министрлиги Соң-Көл жайлоосунда бодо мал шарп ылаңы менен ооруп жатканын төгүндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Соң-Көл жайлоосунда бодо мал шарп ылаңы менен ооруп жатат" деген такталбаган маалымат интернет булактарына чыгып кеткен.

Буга байланыштуу министрликке караштуу ветеринардык кызмат малчылар менен жолугушуп, жеринде мониторинг жүргүзүшкөн.

"Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосуна Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун малчылары чыгышат. Буга байланыштуу жайкысын аталган үч райондун ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору жеке ветеринардык врачтар менен биргеликте аталган жайлоого барып, малчылар менен жолугушуп, жеринде мониторинг жүргүзүшөт. Ошондой эле эпизоотиялык кырдаалды анализдеп, текшерип турушат.

Акыркы жолу инспекторлор 18-19-июль күндөрү аталган жайлоого барып мониторинг жүргүзүп келишкен. Малчылардан эч кандай даттануулар жана арыздар түшкөн эмес, эпизоотиялык абал туруктуу, жугуштуу ылаңдардан таза деп белгиленген", - деп айтылат анда.

Мындан тышкары, Соң-Көл жайлоосуна бекитилген ветеринар адистер жума сайын мониторинг жүргүзүп, райондук ветеринардык башкармалыкка маалымат берип турушат. Бул боюнча жеринде түзүлгөн актылар бар экени маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: