6 айда "Ош базардын" айланасындагы башаламан соодага 200 миң сомдон ашык айып пул салынды
Жыл башынан бери Бишкектеги "Ош базарынын" айланасындагы мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө 200 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айынан бери "Ош базардын" айланасындагы башаламан соода-сатыкты иретке келтирүү максатында 154 рейддик иш-чара жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында уруксатсыз соода кылгандарга карата жалпы 63 протокол түзүлүп, 209 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле 29 араба, 280 даана башаламандык жараткан обьекттер (чатырлар, столдор, жыгач жана метал конструкциялар) жыйналган. Учурда аталган иш-чаралар дагы да уланып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, "Ош базарынын" айланасын иретке келтирүү иштерин Муниципалдык администрация, Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы, "Тазалык" мамлекеттик ишканасы жана Ленин РИИБи жүргүзүп келет.


