super.kg logo

Италияда кеме чөгүп 40тан ашуун мигрант каза болду

 

Италиянын түштүгүндөгү Сицилия кысыгында кеме кыйрап, кеминде 41 мигрант каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кеме 3-августта Тунистен сүзүп чыккан, бортунда бардыгы болуп 45 адам болгон. Италияга жакын Сицилия кысыгына жеткенде кеме кырсыктап, чөгүп кеткен. Андан 41 адам каза болду, аман калган 4 адамды жакын жерде жүргөн кемедегилер куткарып калган.

Февраль айында Италиянын жээгинде дагы бир трагедия болгон. Анда Кротоне шаарына жакын жерде (өлкөнүн түштүгүндөгү Калабрия аймагы) жээктен 100 метр алыстыкта ​​кеме кыйрап, 90дон ашык адам, анын ичинде көптөгөн балдар каза болгон. Италиянын азыркы өкмөтү мигранттардын мыйзамсыз агымын токтотууну максат кылып койду. Жыл башынан бери деңиз аркылуу 90 миңден ашуун адам келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: