Москванын четиндеги жарылуу: Тышкы иштер министрлиги бул боюнча билдирүү жасады
Москва облусунун Сергиев Посад шаарындагы жарылуудан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Орусиянын компетенттүү органдарынан алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары катталган эмес. Учурда жардыруу болгон жерде ыкчам кызматтар өрттү өчүрүүдө", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Министрлик кырдаалга байкоо жүргүзүүнү улантууда.
Бүгүн, 9-августта Сергиев Посад шаарындагы Загорск оптикалык-механикалык заводунун аймагында жарылуу болгон. Жарылуу болгон завод башка нерселер менен катар аскердик продукцияны чыгарат. Заводдун имараттары жабыркаган. Коңшу жайгашкан турак жайлардын терезелери талкаланып, мектептин жана спорт комплексинин имараттары да жабыркаган.


