"Алтын-Балалыкка" жакын жердеги көлгө 14 жаштагы кыз чөгүп кетти
Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев жетектеген "Алтын-Балалык" эс алуу жайына жакын жердеги көлгө 14 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 5-августта Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына "Тез жардам" станциясынан "Алтын-Балалыкка" жакын жердеги көлгө эки жашы жете элек бала чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу ошол күнү 14 жаштагы эки кыз сууга чөккөнүн аныкташкан. Алар Нарын облусунан келген. Дарыгерлер алардын биринин өмүрүн сактап калышты.
Тилекке каршы, сууга чөккөн экинчи кыз каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.