super.kg logo

Талас медициналык колледждин директору пара менен кармалды (фото)

 

Акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Талас медициналык колледжинин директору кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. кармалды.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. жана аталган колледждин башка кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана контракттык түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алышкан.

Жогорудагы адамдар кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолору алдын ала даярдалган туура жоопторду беришкен", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: