super.kg logo

Каржы министрлиги Теңгиз Бөлтүрүктүн айлыгы тууралуу маалымат берди

 

Каржы министрлиги “Улуттук холдинг компаниясы”, "Улуу көчмөндөр мурасы" акционердик коомунун экс-президенти Теңгиз Бөлтүрүктүн айлыгы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, министрлик айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында мурда жарыяланган "Улуу көчмөндөр мурасы", "Улуттук холдинг компаниясы" ААКнын президенти Бөлтүрүк Теңгиз Аяпберген уулунун эмгек акысына байланыштуу маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана толуктугун камсыз кылуу максатында төмөнкүлөрдү түшүндүрдү.

Белгилүү болгондой, президенттин 2021-жылдын 29-январындагы №5 "Кыргыз Республикасынын тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" жарлыгына жана Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №297 токтомуна ылайык, бул реформаларды ишке ашыруу максатында "Улуу көчмөндөрдүн мурасы", "Улуттук холдинг компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коом түзүлүп, Бөлтүрүк Теңгиз Аяпберген уулу президенттик кызматка дайындалган.

"Бул ишкананын уставдык капиталын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 3 400,0 миллион сом бөлүнгөн. Каржы министрлиги ушул күнгө чейин Бөлтүрүк Теңгиз Аяпберген уулуна республикалык бюджеттен жана "Улуу көчмөндөр мурасы" ААКсынын бюджетинен айлык акы берген эмес. Ар бир чыгашалар бухгалтердик отчёттор менен тастыкталган", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, учурда Министрлер кабинетинин ушул жылдын 10-февралындагы № 61 "Улуу көчмөндөрдүн мурасы", "Улуттук холдинг компаниясы" Ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө" токтомуна ылайык "Улуу көчмөндөрдүн мурасы", "Улуттук холдинг компаниясын" жоюу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле аталган министрлик каржы маселелеринде ачыктык, айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин карманып келерин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында "Кумтөр алтын компаниясынын" тышкы менеджери катары Теңиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингинде айына 45 миң доллар маяна алып турганы тууралуу маалымат жарыяланган. Маалымдалгандай, бул айлыкты Каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен. Ал эми "Кумтөрдө" анын айлыгы 55 миң долларды түзгөндүгүн айтып, Тенгиз Бөлтүрүк айына 100 миң доллар алып тургандыгын кошумчалашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.08.2023. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне дериндида билбейсин.
12.08.2023. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биляя бул эмне деген айлык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: