super.kg logo

Жалал-Абадда келинди сабап, тоноп кеткен шектүү изделүүдө

 

Жалал-Абадда келинди сабаган шектүү изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-июлда саат 23:30 чамасында 24 жаштагы Ж.К. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси А. аттуу таанышы аны мас абалында уруп, Redmi 9 А үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана электрондук картасындагы 52 миң 900 сом акча каражатын тартып алгандыгын айткан.

"Ж.К. денесинен жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын “хирургия” бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, Кылмыш жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча иш козголгон", - деп жазылат маалыматта.

Териштирүү иштердин жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү такталган. Ал Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 31 жаштагы А.Х. аттуу тургуну болуп чыккан. Учурда анын жашаган, жүргөн жерин аныктоо үчүн тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилгени маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: