super.kg logo

Бишкектеги министрликтердин бирин тоноого аракет кылган адамдар кармалды

 

Бишкекте министрликтердин биринин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракеттенген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнө министрликтердин биринде кезметте турган милиция кызматкери телефон чалып, имараттын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөнүн билдирген.

Ага ылайык, аталган мекемеге кармоо тобу жөнөтүлүп, алар тарабынан Мерседес бенц үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаасы токтотулуп, багажында жыйылып турган министрликке тиешелүү чугун батареяларын уурдап алып кетип жаткан жеринен төрт шектүү кармалды. Алар 1973-жылы туулган Р.Г. , 1991-жылы туулган А.А. , 1990-жылы туулган Т.В. , 1972-жылы туулган Ш.М. .

"Бишкек шаарынын №5 ШМБнын ыкчам-иликтөө тобу чакырылып, шектүүлөр тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: