super.kg logo

Чүйдө Казакстандын жараны 3 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

 

Панфилов районунда казак жараны ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 8-августта Чүй ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын ыкчам кызматкерлери, Панфилов районунда белгисиз азият улутундагы жарандар көп убакыттан бери баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жарандар тууралуу маалымат алышкан.

Ага ылайык, Панфилов РИИБи 282-берененин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш ишин козгогон.

"8-августта Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 84-чакырымында 1975-жылы туулган казак жараны кармалган. Тинтүү жүргүзүү учурунда, жанынан баштык табылып, ичинен скотч менен оролгон, жалпы салмагы 3670 граммды түзгөн нерсе алынган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Криминалистикалык кызматынын тактамасына ылайык жарандан 1865,58 грамм апийим жана 1432,65 граммды түзгө кара куурай чайыры (гашиш) алынгандыгы аныкталып, камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: