Камчыбек Ташиевдин нефтетрейдерлер менен жолугушуусунан кийин дизель майы арзандады
Өлкөдөгү май куюучу жайларда дизелдин баасы арзандады. Бул туурасында күйүүчү май саткан жайлардын сайттарынан көрүүгө болот.
Бүгүнкү күндө май куюучу жайларда бир литр дизелдин баасы 63,6-64 сомдон сатылууда.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 5-августта Салык жана Антимонополия кызматтарынын башчыларын, нефтетрейдерлерди топтогон. Ал учурда дизель майы өтө кымбат экенин айтып, бир литрин 63-64 сомго чейин арзандатуу зарылдыгын (70 сомдун тегерегинде болчу) белгилеген. Ал жыйында нефтрейдерлер бааны арзандатууга баары макул болгону айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.