super.kg logo

Транспорт министрлиги өлкөдө аткарылып жаткан жол иштери боюнча маалымат берди

 
Өлкөдө жолдорго асфальт төшөө, аң-чуңкурларды толтуруу, жол белгилерин сырдап, жаңысына алмаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда. Жеринде “Кыргыз авто жол” мамлекеттик ишканасынын №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат. Жолдун 3,8-18,3-чакырым аралыгындагы тилкеси оңдолуп жатат. Жалпы 5 чакырым аралыкты жасоо пландалган. Бүгүнкү күндө 2 чакырым 300 метр жолго асфальт төшөлгөнү кабарланды.
- Нарын облусундагы Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда. Быйыл жалпы 14 чакырымды түзгөн унаа жолдун 3 чакырымын асфальттоо каралган. Учурда 550 метр жол жасалды;
- Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун (эски багыт) 195-207-чакырым аралыгын (Баткен-Боз-Адыр унаа жолу) асфальттоо жумуштары жүрүп жатат;
- Нарын облусундагы Баетов-Макмал унаа жолунун 4,5-10-чакырым аралыгында да асфальт төшөө иштери уланууда. Учурда бир чакырым 400 метр жол жасалды. План боюнча жалпы 6 чакырым оңдолот;
- Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 86-88-чакырым аралыгына битум менен шагыл аралашмасы төшөлүүдө.
Аталган жолдо көпүрөлөрдү актап, сырдоо иштери да жүрүп жатат;
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда суу жеп кеткен жерлер жана түтүкчөлөр оңдолуп, калыбына келтирилүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: