Нарын шаарында "Агартуучулар аллеясы" түптөлдү





Нарын шаарынын Шаарча аймагына жаңы аллея салынып, ал "Агартуучулар аллеясы" деп аталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аллея жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 700 миң сомго жасалып, алдыда дагы кошумча иштер жүргүзүлөт. Ал эми камкордукка шаардагы агартуу тармагы алышат.
Белгилей кетсек, буга чейин шаардын М.Сыдыков (Москва) чөлкөмүнө медайымдар аллеясы түптөлгөн, алдыда Ак Коргон аймагына чарба кызматкерлеринин аллеясы салынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.