"Батирде 1 жаштагы наристе болгон". Ошто куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачып беришти

Маалыматка ылайык, Алиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Батирдин ичинде 1 жаштагы бала болгон.
Куткаруучулар бекилип калган эшикти атайын шаймандар менен ачып, баланы апасына өткөрүп бергени кабарланды. Бактыга жараша батирде калып калган бала жабыркаган эмес.
ӨКМдин куткаруучулары баланын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.