super.kg logo

Өздөрүн ИИМдин кызматкери катары тааныштырып, жарандардан акча алып жүргөн адамдар кармалды (видео)

 

Өздөрүн ИИМдин кызматкерибиз деп тааныштырып, жарандардан акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-августта өздөрүн ИИМдин кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан акча алып жүргөн 6 адам кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алар бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтуу менен коркутуп, 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

"Кылмышка шектүү катары кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды", - деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда алардын жанынан тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылган. Учурда иликтөө иштери уланып жатканы айтылды.






Өздөрүн ИИМдин кызматкери катары тааныштырып, жарандардан акча алып жүргөндөр кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: