Москвада кыргыз дарыгерлери "Дени сак мекендеш" аттуу акысыз акция өткөрүштү (сүрөт)







Орусияда ординатура, аспирантурада окуган дарыгерлер Москвада 5-августта "Дени сак мекендеш" аттуу бир күндүк акция өткөрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган акциянын уюштуруучусу Нурлис Токебаев билдирди.
Анын айтымында, чет тарапта иштеп, күнүмдүк турмушту эле өткөрүп койбостон мекендештердин, анын арасында Кыргызстандын имиджин көтөрүү максатында жакында "Дени сак мекендеш" аттуу долбоорун башташкан. Анда кыргыз дарыгерлери кыргыз мигранттарын акысыз медициналык көзөмөлдөн өткөрүшкөн.
"5-августта болуп өткөн "Дени сак мекендеш" аттуу бир күндүк акциябызды өткөргөнбүз. Бул иш-чаранын максаты мекендештердин ден соолугуна кам көрүү, ар кандай илдеттердин алдын алуу болуп саналат. Акция "Фрунзе" медициналык борбору жана жетекчиси Илимбек Алимбековдун, Жогорку Кеңештин миграция борборунун Москвадагы өкүлү Максат Мамбеткуловдун иш-аракетинин алдында ишке ашырылды", - деди ал.
Мындан тышкары ал бир күндүк уюштурулган акцияга 300дөн ашуун Кыргыз жараны келип, акысыз медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн кошумчалады.
"Ошол күнү 300дөн ашуун биздин мекендештер ар кандай багыттагы медицина кызматкерлеринин консультацияларын жана жеке пикирин алууга жетишишти. Бул акцияны биз сөзсүз түрдө улантууга жана көптөгөн көмөктөрдү көрсөтүүгө аракетибизди жумшайбыз. Акцияны уюштурууга жардамын берген ар бир медицина кызматкерлерине, ыктыярчы уул-кыздарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деп билдирди Токебаев.
Белгилей кетсек, Орусияда жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүү үчүн орто эсеп менен 1000-2500 сомду түзөт.


