super.kg logo

Баткенде беш мектеп, үч бала бакча пайдаланууга берилет (сүрөт)

 

Бүгүн, 11-августта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилүүчү билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, облус башчысы мектептердин курулушунун сапатын, айлана-чөйрөсүн иретке келтирүү, көрктөндүрүү, окуу эмеректер менен камсыздоо, таза суу, сугат суу, электр энергиясына туташтыруу иштерин текшерди.

Ошондой эле билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо боюнча түзүлгөн штабдын мүчөлөрүнө, мектептерди 25-августка толугу менен даярдоо боюнча тапшырма берди.

Ага ылайык, Баткен облусунда быйылкы 2023-2024-жаңы окуу жылына карата беш типтүү мектеп, эки кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилет.

Алар:

- Баткен районунун, Орто-Боз айылындагы Ж.Момунов орто мектеби;

- Кыштут айылындагы Кыштут орто мектеби;

- Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин кошумча имараты;

- Кызыл-Бел айылындагы Масалиев орто мектебинин кошумча имараты;

- Достук айылындагы Достук орто мектеби;

- Көк-Таш айылындагы Көк-Таш башталгыч мектеби;

- Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Ж.Бөкөнбаев мектеби;

Мындан сырткары Лейлек районунда Борбордук жана Максат орто мектептери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

Буга байлануштуу жаңы окуу жылынын башталышы менен 3 бала бакча да пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

- Баткен районунун Көк-Таш айылында Учкун бала бакчасы;
- Ак-сай айылында Эделвейс бала бакчасы;
- Достук айылында Бөбөктай бала бакчасы.

Белгилей кетсек, учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемелеринин курулушу жүрүүдө, анын ичинен 25 мектеп, 9 бала бакча.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: