Бишкектин Биринчи Май районунун турак жайлары жарыктандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин улантууда.

Ишкананын бригадасы "Ак-Босого" конушунун Архитектурная көчөсүндөгү иштерди жүргүзүшкөн.

"Алар 31 светодиоддук чырактарды, 100 ватт кубатуулугу менен ошондой эле 1250 сарчыга өзүн-өзү изоляцияланган зымды (СИП) тартышты. Мурас-Ордо конушунда жарык берүү иштери жыйынтыкталууда", - деп жазылат анда.

"Эгерде сиздин көчөңүздө капысынан караңгы болуп калса, атайын ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы менен байланышса болору айтылат.

Байланыш номерлер: (0312) 46-30-89, 57-63-51, 0777 902-115", - деп жазылат маалыматта.