super.kg logo

Ошто бассейнде бир адам бычакталган. Шектүү катары "Коён" каймана аты бар жаран кармалды

 
Ош шаарындагы бассейнде жаранга бычак сайганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 22-июль күнү Ош шаардык ооруканасына 2001-жылы туулган жаран кайрылган. Анда ал бассейнде эс алып жатып, белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кетишкендигин, ал жаран жанындагы бычагы менен бел тарабына сайып, изин жашырып кеткендигин билдирген.
Бул кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган.
"Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн жеринен Кара-Суу районунда туулган, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1995-жылы туулган Н.М. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жаран экендиги жана кылмыш чөйрөсүндө "Коён" деген каймана ат менен белгилүү экендиги аныкталды", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Шектүүнүн кылмыштуу аракети боюнча кылмыш кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 9-август күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бүгүн, 11-август күнү анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.08.2023. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өткөндө эле Женгодон бутуна арматура жеген бала ушулбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: