super.kg logo

Ош аэропорту учуп-конуу тилкеси кандай экенин көрсөттү (фото)

 

“Манас” эл аралык аэропорту Оштогу аэропорттун сынга алынган учуп-конуу тилкеси кандай экенин көрсөттү.

"Ош" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси асфальт бетон менен төшөлгөн. Жыл сайын компания аэродромдун ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, учуп-конуу тилкелерге пландуу иштерди жүргүзүп турат, бул тууралуу өлкөнүн авиациялык бийликтерине жана авиакомпанияларга алдын ала маалымдалат.

2023-жылы учуп-конуу тилкесин оңдоо жана төшөлмө иштерин жүргүзүү үчүн аэродром жумасына 5 күнгө саат 10:00дөн 16:00гө чейин жабуу пландаштырылган.

"2023-жылдын 1-июлунда аба ырайынын катуу ысышы, учуп-конуу тилкесинин сүрүлүү коэффицентине таасирин тийгизип, учуулардын коркунучун жараткан. Ошол эле күнү ыкчам иштери жүргүзүлүп, учуп-конуу тилкесинин төшөлмө маселеси жоюлган. Учурда учуу тилкеси бардык техникалык талаптарга жооп берип, учуулар үчүн ачык. Оңдоо иштерин жүргүзгөн бөдрөтчү мекеме (подрядчы) бардык кемчиликтерди жойгон. Бузулган асфальттын төшөлмөсү алынып, анын ордуна бардык талапка жооп берген жаңысы төшөлдү", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.08.2023. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Подрядчыны бодротчу деп которуп койдунарбы же силер эмеспи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: