super.kg logo

Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту

 

Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Айыл чарба министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү 17-19-июль күндөрү жолугушкан. Анда казак тарап Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиздигин белгилеп, мындан улам Жамбыл облусундагы эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын билдирген. Буга байланыштуу Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө, тагыраагы, 18-июлдан 31-июлга чейин 45 метр куб суу берүүнү суранышкан.

"Өз кезегинде кыргыз тарап сугат суу маселеси курч бойдон турганын, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген. Жолугушуунун жыйынтыгында, Казакстандын экология жана жаратылыш ресурстары боюнча вице-министри Галидулла Азидуллин менен Кыргызстандын суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев августтун 2-декадасынан тартып Казакстанга суу берилбей турганын ачыктаган протоколго кол коюшкан. Эгер суу көп топтолсо, коё берүү шарты айтылган", - деп жазылат маалыматта.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Киров суу сактагычына секундуна 1,3 куб метрден гана суу агып кирип жатат. Былтыр ушул күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 13,7 куб метрге жеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын Жамбыл облусунда сугат суу олуттуу тартыш болуп жаткандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: