Бишкек мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине карата калаа тургундарын көмүр камдап алууга чакырат.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Биринчи май районунда Шабыркүл маркасындагы катуу отун сатуучу төрт пункт төмөнкү даректер боюнча жайгаштырылды:

Барпы Алыкулов көчөсү 1Д/1, Достоевский көчөсү 1, байланыш телефону: 0555 570 777.

"Кара-Жыра" көмүрү Мурманская 45/2, Путпроводная жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде, байланыш телефону: +996 (555) 439 195.

Октябрь районунда Достоевский көчөсү 97к дарегинде көмүр сатуу пункту жайгашкан, көмүр базасында 2 300 тонна көмүр бар.

Свердлов районунда Достоевский көчөсү 1 дарегинде 1 300 тонна Шабыркүл көмүрү бар.

Ленин району боюнча көмүр базалары төмөнкү даректерде иштейт:

Мурманская көчөсү 126 дарегинде "Миң-Куш" көмүрү, Мурманская 45/2 (мурдагы Торг-Синтез ЖЧК) "Кара-Жыра" көмүрү.

Белгилей кетсек, көмүрдүн тоннасы 6 миң сомдон сатылууда.