super.kg logo

"Вагнерге" кошулуп алып Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык кармалды

 

Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу Кыргыз жараны аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Орусияга иштөө үчүн барып, кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Атайын аскердик операциянын фонунда ал “Вагнер” жеке аскердик компаниясы менен келишим түзүп, Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.

2023-жылдын 1-августунда Б.у.Б. кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.08.2023. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камакта жаткандарды күч колдонуу менен алып кетип атышкан жокпу вагнерин кантип эле өлүмгө өзү барсын мен согушам деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: