super.kg logo

Латвия Беларус менен чек арасына чукул арада мобилизация жарыялады 

 

Латвиянын Мамлекеттик чек ара кызматы Беларус менен чек араны кайтарууга күчтөрдү чукул мобилизациялоону жарыялады. Мындай маалымат аталган ведомствонун расмий сайтына жарыяланды.

Мындай чечим акыркы суткада Латвия-Беларус мамлекеттик чек арасында гибриддик коркунучтун тездик менен өсүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган. Анда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 96 адам аныкталган.

"Учурда чек ара кызматкерлерине ар жылдык эмгек өргүүсүн берүү токтотулуп, эс алууда жүргөндөр чакыртылууда", - деп айтылат маалыматта.

Латвиянын Мамлекеттик чек ара кызматы ошондой эле Куралдуу Күчтөрдөн жана полиция кызматынан кошумча колдоо көрсөтүүнү суранды.

Буга чейин Польша дагы Беларус менен чек арасына кошумча 10 миң аскерди жайгаштырганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: