super.kg logo

Караколдо төрөт үйүндөгү окуя: Ымыркайдын атасы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады (видео)

 

Караколдогу Ысык-Көл облустук төрөт үйүндөгү акыреги сынып, жандандырууда жаткан жаңы төрөлгөн ымыркайдын атасы Аман Кадыралиев жана жакындары өлкө башчы Садыр Жапаров аталган окуяны жеке көзөмөлүнө алуусун суранып, кайрылуу жасады.

Анын айтымында, 12-августта жубайы Айкеримди Каракол шаарындагы облустук төрөт үйүнө алып келген. Патология бөлүмүнүн башчысы журналда төрөт кесарево жолу менен болорун айтып, операцияны 14-августка дайындаган.

"Бирок 12-августтан 13-августка караган түнү саат 04:00дөр чамасында Айкерим суусу агып кеткенин сезип, медайымдан дарыгерди чакырууну суранган. Бирок медайым анын кесарево операциясы болорун билип, макул болбой койгон. Натыйжада аялым саат 09:00гө чейин кыйналды, ошондо гана төрөтканага алып барышты", - деди Кыдыралиев.

Ошондой эле ал бул окуяны президент Садыр Жапаров жеке өзүнүн көзөмөлүнө алуусун суранды.

"Урматтуу, Садыр Нургожоевич сизден сураныч ушул окуяны өзүңүз колуңузга алсаңыз. Баламдын колу сынып, баш мээсине кан кеткен. Учурда келинчегимдин да, баламдын да абалы оор. Бизге окшогон жүздөгөн үй-бүлөлөр дал ушул төрөт үйүндө сыздап кетип жатышат. Сизден сураныч жеке өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алыңызчы", - деп кайрылуу жасады ымыркайдын атасы.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын акырек сөөгүнүн сынганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө баштаганын билдирген.






Караколдогу төрөт үйүндөгү окуя: Ымыркайдын атасы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: