Ат-Башыда "Шамбет" каналы 15 миллион сомго реконструкцияланат





Ат-Башы районунда "Шамбет" каналын реконструкциялоого 15 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта райондук администрациядан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда долбоордук-сметалык документтер аяктап, каналдын алгачкы жумуштар жасалып жатат.
Ага ылайык, каналды ашар жолу менен куруу пландаштырылууда. Курулуштун сапатын көзөмөлдөө, тендердик ишин жүргүзүү, каржылоо Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына милдеттендирилген, ал эми жумушчу күчү Кара-Суу айылынын дыйкандарына бекитилген. Курулушка 40 ашуун жумушчу тартылып, бүгүнкү күндө иштер кызуу жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, "Шамбет" каналы мурун Кара-Суу айылынын 875 гектар жер аянтын сугарууга пландаштырылса, реконструкциялоодон кийин Кара-Суу жана Кара-Булуң айылдарынын сугат жерлерин камтып, сугат аянты 330 гектар аянтка кеңейтилүүдө. Ошентип, жалпы 1205 гектар жер аянты суу менен камсыз болот.

