super.kg logo

 Бишкектин Ак-Өргө конушундагы тез жардам станциясынын курулушу аяктады

 

Бишкектин Ак-Өргө конушунун Ашар көчөсүндө жайгашкан тез жардам станциясынын имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда унаа токтотуучу, унаа жуучу жайларды, ошондой эле ички жана тышкы тармактарды куруу үчүн аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

"Медициналык мекемеде амбулатория, фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, медициналык кабинеттер, диспетчердик пункт, тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн санитардык жай, дары-дармектер үчүн кампа, ошондой эле ординаторлор жайгашкан", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары курулуш долбоорунда ошондой эле унаа токтотуучу жай, унаа жуучу жай, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тез жардам станциясын курууга тендер жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: