super.kg logo

Бир жумада өлкөдө импорттун көлөмү 15 миң тоннага жакындады

 

Бир жумада импорттун көлөмү 14 миң 970 тоннаны түздү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-10-августуна карата карантинге алынуучу продукциянын импорту 14 миң 970 тоннаны түздү.

Чүй облусуна 11 миң 346 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 166 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы түзүлгөн. Башка продукцияларга салыштырмалуу Чүй облусуна 2 миң 173 тонна дан эгиндери (буудай, арпа, күрүч) Орусия, Казакстан, Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолуп келгени айтылат.

"Жалал-Абад облусуна 1 миң 646 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана аларга 20 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусуна, башка продукцияларга салыштырмалуу 488 тонна коон, 111 тонна сабиз Өзбекстан, 282 тонна буудай Орусия өлкөлөрүнөн импорттолуп келген.

Баткен облусуна 850 тонна айыл чарба продукциялар импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 45 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 532 тонна жемиш Өзбекстан өлкөсүнөн импорттолуп келген.

Нарын облусуна 862 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 33 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Башка продукцияларга салыштырмалуу 326 тонна жаңгак Кытай өлкөсүнөн импорттолуп келген", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Талас облусуна 265 тонна айыл чарба продукциялары импорттолуп келген жана импорттолуп келген продукцияларга 7 даана карантиндик фитосанитардык көзөмөл актысы жазылган. Талас облусуна 227 тонна ун, 36,3 тонна коон, 2 тонна дарбыз Казакстан өлкөсүнөн импорттолгону кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: