super.kg logo

Бишкекте өтө турган дүйнөлүк деңгээлдеги O!pen Air фестивалына саналуу күндөр калууда жана билеттер азаюуда!

 

Бир эле жайдын аякташына эмес, О! Мобилдик оператору менен PROMZONA.space клубунан Бишкекте өтө турган жылдын башкы музыкалык фестивалына чейин дагы саналуу гана күндөр калды.

O!pen Air 2023 2-сентябрь күнү саат 15:00дө PROMZONA.space клубунун чоң сахнасында өтөт.

Иш-чарага карата кызыгуулар артып, ал эми билеттердин саны күн санап азаюуда. Билеттерди алуу оңой эле – O!Store дүкөнүнөн каалаган О! абонентинин балансын 500 сомдон жогору толуктап, акысыз билетке ээ болуңуздар. Болгондо да Европа деңгээлиндеги бий фестивалына акысыз билет! Бишкекте мындай иш-чара көптөн бери өтө элек, андыктан сиздер да катышып калууга жетишиңиздер – электрондук музыкадан чыныгы заряд алып, достор менен көңүл ачып кетиңиздер!

Уникалдуу иш-чаранын күбөсү болуу менен, дүйнө жүзүнө таанымал легендалуу диджей Paul van Dyk аткарган атактуу тректерге бийлегендер менен кошо тарыхта калыңыздар!

Ал эми биз азырынча Х күнүн чыдамсыздык менен күтүп отурганча, сиздерге фестивалдын атайы коногун тааныштыра кетели:

Александр Попов – өзүн дүйнө жүзүнө кеңири тааныта алган россиялык саналуу диджей-продюсерлердин бири. 2021-жылы төртүнчү ирет DJ MAG версиясы боюнча дүйнөлүк ТОР150 диджейдин катарына кирген. Эки жүздөн ашуун релиз чыгарып, алдыңкы катардагы жылдыздар: Armin Van Buuren, Dash Berlin, Cosmic Gate жана Paul Oakenfold менен көп сандагы ийгиликтүү эмгектерди жаздырууга жетишкен. Европанын, Азиянын, Австралиянын жана Американын мыкты клубдарынын сахналарын багындыра алган.

Бирок муну менен гана чектелбейт! Жаңылыктар менен Instagram аркылуу таанышып туруңуздар. Жакында o_mobile_operator promzona.space менен бирге O!pen Air 2023 концертинин башка катышуучулары менен дагы тааныштырмакчы.

Бизден алыстабаңыздар!

Толук маалымат openair.o.kg сайтында. Төлөнгөн сумма О! уюлдук байланыш кызматтарын төлөө үчүн гана жеткиликтүү болуп, «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынын алкагында колдонууга жарабайт. Билеттердин саны чектелүү. Акция 02.09.2023-ж. саат 15:00гө чейин уланат.

Көңүл буруңуздар: O!PEN AIR 2023 фестивалына курактык чектөө – 18+.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-жылдагы №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: