Ишембиге карата аба ырайы
Эртең, 19-августта өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет эскертти.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34 градус;
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36 даража;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Нарын аймагында түнкүсүн 6…11, күндүз 27…32 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 32…34 даражага чейин жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.