Бишкектин Панфилов көчөсүндө жөө жүрүүчүлөр үчүн эскилиги жеткен тротуар жаңыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган көчөдө жол салуучулар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат, тротуарлардын курулушун күз-кыш мезгили келгенге чейин аяктоону пландаштырууда.

"Панфилов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Жибек-Жолу проспектисинен Лев Толстой көчөсүнө чейинки эки тараптагы тротуарды оңдоо пландалууда.

Жумушчулар эски асфальтты сыйрып жатышат. Жугуштуу оорулар ооруканасынан Панфилов көчөсүнө чейин тротуардын бордюрлары орнотулду. Көчөнүн участокторунда тынымсыз иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.