super.kg logo

Чолпон-Атада "Мейкин Азия" фестивалы башталып, 13 өлкөнүн ырчылары катышууда

 

Кечээ, 18-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын "Мейкин Азия" III эл аралык фестивалы башталды.

Маданият министрлигинен билдиргендей, фестивалдын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Орусия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаш эстрада ырчыларынын конкурсу өтөт.

Жалпысынан сынакка дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 17 талант катышат. Мындан тышкары, ата мекендик жана чет элдик белгилүү аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартууламакчы. Кыргызстандын атынан Руслан Асанкан, Абай Сериков, Касиет Идрисова ат салышууда.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан фестивалды министр Алтынбек Максутов ачты. Ал өз сөзүндө “Мейкин Азия” фестивалынын маанилүүлүгүнө токтолуп, Маданият министрлиги чыгармачылыктын бардык түрүнө, анын ичинен популярдуу музыка аткаруучуларга маани берип жатканын айтты.

Ал фестиваль биринчи ирет 2013-жылы, андан соң 2015-жылы өткөнүн белгилеп, иш-чараны 2 жылда бир өткөрүү пландалганын, бирок каражаттын жоктугунан 8 жылдан бери өткөрүлбөй келгенин кошумчалады.

Бүгүн фестивалдын экинчи күнү, катышуучулар дүйнөлүк ырларды ырдашат. Сыйлуу конок болуп келген Arabesque тобу да сахнага чыгат. Концерт 20:00до башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: