Автобус, троллейбустарда накталай эмес которуу жолу менен 53 миң сом төлөндү
Бир күндө автобус, троллейбустарда 53 миң сом жол кире накталай эмес которуу жолу менен төлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Алардын арасында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү бар:
- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- виртуалдык NFC картасы;
- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay жана башка тиркемелер аркылуу QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен төлөсө болот.
11 сом стандарттык тариф менен (жеңилдик алгандарды эсептебегенде) троллейбуста 17 миң 644 жана автобуста 19 миң 881 жол кире төлөнгөн.
"Муниципалдык транспорттун, автобустардын жана троллейбустардын айдоочулары накталай акча менен төлөөнү талап кылууга укугу жок. Жол кире акысын накталай акча менен кабыл алуу - белгиленген талаптарды бузуу болуп саналат! Айдоочуларга транспорт карталарын сатуу гана жүктөлгөн.
Накталай төлөм кабыл алган фактылары болсо, видео жана фото фактыларды Whatsapp номерине жөнөтүңүз: 0703 936319, 0706 166665", - деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, 20-августтан тарта муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда накталай төлөм толугу менен алынып салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.