Жапаров угуусу начарлардын жашоосуна байланышкан эл аралык форумга катышты











Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ааламдашуу мезгилиндеги угуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жеткиликтүү жашоосу" эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Өлкө президентинин “адамдар – Кыргызстандын башкы байлыгы” деген сөзүн белгилеген Жапаров ден соолугунун мүмкүнчүгү чектелүү жарандарга карата иштер тиешелүү ченемдик укуктук актылардын негизинде ишке ашырылаарын билдирди.
“Кыргыз Республикасынын калктын аялуу топторуна карата мамлекеттик саясаты адам укуктары чөйрөсүндөгү ратификацияланган эл аралык макулдашууларга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат”, - деди Акылбек Жапаров.
Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 205 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаран жашайт, анын ичинен 36 миң балдар.
Ошондой эле 2022-жылдын 1-июнунан тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү этап этабы менен көбөйтүлүп келет.

