super.kg logo

Айя Садырова: "Жаңы жашымды кереметтүү көлдүн жээгинде тосуп алдым"

 

Бүгүн, 22-августта белгилүү ырчы Айя Садырова өзүнүн жеке майрамын белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда жаңы жашын кереметүү Ысык-Көлдүн жээгинде тосуп алганын айтты.

"Бул жылы туулган күнүмдү Ысык-Көлдүн жээгинде тосуп алуу насип кылыптыр. Түштөн кийин Бишкекке жолго чыгам. Ал жактагы ресторандардын биринде жакын адамдардын курчоосунда менин майрамымды белгилейбиз. Жыл өткөн сайын өздүк майрамды эң жакын адамдар менен гана тосууну туура көрүп калат экенсиң. Мындай даталуу күндөр жүрөккө жакын адамдарды бир дастарконго топтоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлойм. Анткени азыркы күндөрдө чоң мааракелердин шылтоосунда гана кезигип калбасак, бири-бирибиз менен жолугуп, баарлашууга анча маани бербей калдык. Туулган күндүн шылтоосу менен жолугуп, сүйлөшүп, сырдашып, бири-бирибизден жакшы энергия алабыз деп турам", - дейт ырчы айым.

Ырчы Айя Садырова 1982-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарында туулган. Кичинекей кезинде Казакстандын Жамбыл шаарындагы музыкалык мектепте скрипка, домбра, гитара сыяктуу музыкалык аспаптарды үйрөнгөн.

6-классында эң биринчи жолу алгачкы ырын жазып, гитара менен ырдап чыккан. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетине тапшырган.

Шоу-бизнес дүйнөсүндө 2000-жылы Ассоль Молдокматованын жардамы менен "Малыш" аттуу ыры аркылуу көп ийгиликтерге жетишкен.

Ал актриса катары "Байланыш" кыргыз тасмасында башкы ролду ойногон. Айя Садырова ырчылыктан тышкары китеп жазуу менен алектенет. 2006-жылы “Сүйүү жалыны” деген аталыштагы романы жарык көргөн.

Ал соңку жылдары "60 К" тобу менен бирге аткарган ырлары эл оозуна алынып, интернет тармагында миллиондогон көрүүлөрдү топтоп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: