super.kg logo

"Нан дагы болгон эмес". Аскар Акаев СССР тарагандан кийин Кыргызстан оор абалга туш болгонун айтты

 

Туңгуч президент Аскар Акаев Орусиянын RT басылмасына берген маегинде Союз тарагандан кийин эле алгач эгин алып келүү үчүн Түркияга барганын айтты.

"Алгачкы жылдар кыйын болду. 1980-жылдардын аягында эле Советтер Союзу жана бардык республикалар экономикалык көйгөйлөргө туш болуп, азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү товарлардын тартыштыгына дуушар болду. СССРдин кулашы менен баары начарлай баштады, өндүрүш чынжырларында жана өнөр жай байланыштарында үзүлүү башталды. Буйрутмалар келбей, көпчүлүк адамдар жумушсуз калышты. Ошондуктан 1990-жылдардын башында эле биз негизинен экономикалык маселелерди чечүү менен алек болчубуз.

1991-жылдын аягында менин биринчи сапарым он миңдеген тонна эгин алып келүү максатында Түркияга болгон. Өлкөдө нан да жок болчу. Дүкөндөр бош эле. Ал кезде биринчи турмуштук маанилүү көйгөйлөрдү чечүү керек эле.

Мындан тышкары 1989-1990-жылдары дээрлик бардык республикаларда оор кандуу кесепеттерге алып келген улуттар аралык кагылышуулар болгон. Кыргызстанда 1990-жылы кыргыз-өзбек чатагы болуп, республиканын түштүгүндөгү Ош облусунда оор кесепеттерге алып келген окуя болгон.

Андан тышкары эң компетенттүү жана жогорку квалификациялуу жумушчу күчү болгон адамдардын чыгып кетиши эң ири заводдордон, негизги товар өндүрүүчүлөрдөн башталган. Орустар Орусияга, немистер Германияга кете баштады.

Бирок эң негизги эки көйгөй - бул элди багуу жана улуттар аралык жаңжалдардын кесепеттерин жөнгө салуу эле. Ошондуктан биз ички маселелер менен алек болдук", - деген Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: