super.kg logo

Сентябрдан тарта Чүйдөгү мектептерде "Манас", "Семетей", "Сейтек" уюмдары иштей баштайт

 
Быйылкы окуу жылынан тарта Чүй облусунун мектептеринде "Манас", "Семетей", "Сейтек" жана "Айчүрөк" уюмдары иштей баштайт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, мектеп уюмдары окуучуларды улуттук ар-намыска, эмгекти, мекенди сүйүү сезимин тарбиялоого үйрөтөт.
Бул уюмдар облус жетекчиси Канат Жумагазиевдин демилгеси менен президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө", “Манас” эпосун ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыктарды аткаруунун негизинде жүрүп жатканы айтылат.
"Уюмдар И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясында ийгиликтүү пилоттук этаптан өтүп, жаңы окуу жылынан баштап Чүй облусунун бардык мектептеринде иштей баштайт.
Эпос улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык биримдикти бекемдеп, тынчтыктын, күчтүн жана туруктуулуктун фактору экенин үйрөтөт", - деп жазылат анда.
"Сейтекке" окууда жана спортто өзгөчөлөнгөн башталгыч класстын окуучулары катыша алышат. Алар билимге умтулууга, коомдук тартипти сактоого, чынчыл жана кайраттуу болууга, улууларды урматтоого, кичүүлөргө жардам берүүгө үйрөтүшөт.
Ал эми "Семетей" уюму 5-8-класстын окуучуларына арналган. Алар жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга үйрөтүлөт. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы, ошондой эле ар кандай чыгармачыл, спорттук жана коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барган "Семетей" өспүрүмдөрдү ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталганы айтылат.
"Жогорку класстын окуучулары үчүн “Манас” уюму лидерликтин бир түрү. Анын миссиясынын өзөгүн коомдун турмушуна активдүү катышууга жана укуктук, демократиялык Кыргызстандын чеби болууга даярдоо болуп саналат. "Манас" жана "Айчүрөк" уюмдарынын мүчөлөрү мектептин соцпедагогдору жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен тыгыз кызматташып, окууда, турмушта кыйынчылыктарга дуушар болгон окуучуларга жардам көрсөтүшөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: