Өлкөгө Казакстандын коргоо министри келди (сүрөт)








Бүгүн, 22-августта Кыргызстанга Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация иш сапар менен келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, коңшу өлкөдөн келген делегация алгач "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшуп, андан кийин Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен жолугушту.
Ага ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерин, ушул багытта мындан аркы биргелешкен иштерди талкуулашты.
"Аскердик чөйрөдөгү кызматташуу жааты бул өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыттарынын бири. Казакстан Кыргызстан үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналат",- деди министр Бекболотов.
Өз кезегинде казак министри жылуу кабыл алгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, боордош эки мамлекеттин аскердик тармактагы кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгиледи.
Белгилей кетсек, Казакстандан келген делегация Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-казак "Эрдик-2023" биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун активдүү фазасына катышып, бир катар аскердик объектилер менен таанышат.


